Коом

Google компаниясы Өзбекстанга 85 миң евро салык төлөдү

Google компаниясы Өзбекстан мамлекеттине 85 миң евро салык төлөдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалым болгондой Google компаниясы ушул жылдын биринчи кварталында мамлекеттик казынага 85 миң евро салык төлөгөн. Анткени, Өзбекстанда 9 компания өз эрки менен салык төлөөчү болуп катталган. Google Commerce Limited, Google Ireland Limited, Google Voice Inc, Apple Distribution International Limited, Netflix International B.V., Samsung Electronics Co., Ltd, Сleverbridge AG, Xsolla (USA), Inc. жана Activision Blizzard International BV.

Өзбекстанда мамлекеттик салык инспекциясы тарабынан интернет компаниялар үчүн атайын НДС- офистер иш алып барат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button