Коом

Нарын облусунда себепсиз жолго чыккандар эми посттон өтө албай убара тартышат

Нарын облусунда коронавирус инфекциясынын жайылышы күчөп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү элдин талабына ылайык облустук ыкчам штаб чечкиндүү кадамдарга барып жатат.

Атап айтканда жарандардын облус аймагына кирип-чыгуусу тыкыр көзөмөлгө алынып, жүйөөлү себепсиз Бишкек шаарына каттап жаткан жарандардын кирип-чыгуусуна тыюу салынды.

Эгер зарылдык болсо жергиликтуу бийлик, тактап айтканда акимчилик же мэрия тарабынан берилген уруксат кагаздарынын негизинде гана каттай алышат. Ошол эле учурда облус аймагына сырттан кайтып келаткан жарандар милдеттүү түрдө анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалым кат көрсөтүшү керек. Мындан тышкары, 14 күндүк үй карантинине алынат.

Анткен менен өндүрүштүк зарылчылыкка, анын ичинде айыл-чарба иштерине жана азык-түлүк менен камсыздоого түздөн-түз тиешеси бар ишканалар тийиштүү уруксат-кагаздардын негизинде адаттагыдай режимде каттай беришет. Мындай талап Өзгөчө кырдаал абалы алынганча сакталат.

Ыкчам штаб мындай шарттарды түшүнүү менен кабыл алып, карантин эрежелерин сактоого чакырат. Белгилей кетсек, облус аймагында 5-майга карата 100 ашуун киши коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button