Коом

Японияда коронавируска каршы вакцина июлда сыноодон өтөт

Японияда коронавируска каршы иштелип чыккан вакцинаны июлда клиникалык сынактан өткөрөт. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады. Белгилүү болгондой, сынак Осако университети менен биргеликте өткөрүлөт.

Маалыматка ылайык, учурда вакцинанын жаныбарларга жасалган экспериментинде антитело иштелип чыккан. Буга чейин аталган вакцинаны клиникалык сыноодон өткөрүү сентябрга белгиленгени менен кийин аны августка жылдырышкан. Эми ал июлда болору айтылууда. Эгер анын эффективдүүлүгү тастыкталса, анда ушул жылдын аягына чейин колдонууга берилери айтылууда. Сыноо эки ооруканада өткөрүлүп, анда ондогон адамдарга эксперимент жасалат. Жыйынтыгы сентябрда билинмекчи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button