Саясат

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

1-июнда, Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара кызматташтыгы, ошондой эле 2020-жылдын 31-май күнү чек арага танапташ жерде болгон конфликттик кырдаалды талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев мындан ары андай жаңжалдарды болтурбоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү макулдашты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын Президенттери эки өлкөнүн элдери илгертен бери эле ынтымакта жашап, кыйын күндөрдө бири-бирине жардам берип келишкендиги боюнча орток пикирин билдиришти.

Эки мамлекеттин башчылары бир нече жолу берилген гуманитардык жардам үчүн өз ара ыраазычылыктарын айтышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button