КоомКылмыш-кырсык
Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 3 адам жабыркап, бир адам каза болду
Жайыл районунда 1-июнунда саат 06:23 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 175-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) “Nissan Primera” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жолдун жээгинде турган “Renault Masterо” үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн.
ӨКМдан билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 3 адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркап, 1 адам каза болгон.
Жерине КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучу маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.