Коом

Аида Исмаилова «Алтын тамга» тестирлөөнүн жүрүшү менен таанышты

КР вице-премьер-министри Аида Исмаилова «Газпром Кыргызстан мектебине» барып, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелери үчүн өткөрүлгөн «Алтын тамга» көзкарандысыз тестирлөөсүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин чечими боюнча, «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы реалдуу убакыт режиминде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен өткөрүлүүдө.

Дене тапты байланышсыз аныктоо, колду дезинфекциялоо, жеке отургучтарды бири-биринен 1,5 метр аралыкта жайгаштыруу орун алып, коридорлордо жана эс алуу жайларында адамдардын топтолуусуна жол бербөө максатында талапкерлердин келүү графиги иштелип чыккан.

Өзгөчө үлгүдөгү аттестатты алууга талапкерлер ыкчамдык жана объективдүүлүк максатында тестти планшет аркылуу тапшырышат, ал эми анын жалпы жыйынтыгы бүтүрүүчүгө жана байкоочу эксперттерге автоматтык түрдө жеткиликтүү болот.

Белгилесек, 2019-2020-окуу жылында 1 345 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер болуп саналат. Өткөн жылы «Алтын тамга» сынагына 1 148 окуучу катышкан, анын жыйынтыгы боюнча 182 окуучу өзгөчө үлгүдөгү аттестатка ээ болгон. «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышуу милдеттүү болуп саналбайт, ар бир талапкер ага өз ыктыяры менен катыша алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button