Бүгүн, 6-майда саат 14:08де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4, Кара-Киндик, Нура айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Учурда жеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.