Гүлчө дарыясына түшүп кеткен кыз изделүүдө


Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө дарыясына 3 жаштагы кыз түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 6-майда жерине Алай райондук №68 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылган. Кошумча Алай райондук №68 ӨКБдан 15 куткаруучу, ИИМден 21 кызматкер, жергилииктүү тургундардан 10 адам, жалпы 50 адам тартылып, издөө иштерин жүргүзүүдө.