Амазон аймагынын крокодилдер байырлаган сазынан беш адам куткарылды. Жүргүнчүлөр крокодилдерге жем болбошу үчүн 36 саат карыш жылбай учактын үстүндө турушкан. Алар бараткан учакта көйгөй чыгып, Амазондун сазына конууга аргасыз болгон. Жергиликтүү балыкчылар учакты көрүп калышып, куткаруучуларга кабар берген. Аман калгандар үч аял, бир бала жана 29 жаштагы учкуч.

