Коом

Ислам өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы COVID-19 менен күрөшүүгө 35 млн доллар бөлөт


“Азыркы учурда Өкмөт Азия өнүктүрүү банкы менен 20 млн доллар жана Ислам өнүктүрүү банкы менен 15 млн доллар суммасындагы Макулдашууларды аткаруу боюнча ратификациялоо процессин жүргүзүүдө. Аталган Макулдашуулардын алкагында жакынкы аралыкта COVID-19 илдетине каршы күрөшүү үчүн медициналык жабдуулар жана препараттар алынат”, — деп билдирди Финансы министринин орун басары Абдыбалы тегин Суеркул.

Анын айтымында, АӨБдин насыясынын мөөнөтү 40 жыл, анын ичинде 10 жыл – жеңилдетилген мөөнөткө 1% га берилет. ИӨБ насыясынын мөөнөтү 25 жыл, анын ичинде 5 жыл жеңилдетилген мөөнөткө 1,5% га берилет.

«Бул долбоорлордун максаты — саламаттык сактоо секторуна-транспортко, жабдууларга, жеке коргонуу каражаттарына, чыгашалык материалдарга, тез чара көрүү топторуна колдоо көрсөтүү, ошондой эле ооруканалардын потенциалын күчөтүү — медициналык жабдуулар, сарпталуучу материалдар, медициналык таштандыларды жок кылуу системасын жакшыртуу», — деп кошумчалады ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button