Коом

Бишкекке Ирандан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

Дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу эл аралык жүргүнчү авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан жана чек аралардын жабылышынан улам чет элдик мамлекеттерден КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында, 2020-жылдын 3-августунда КР Тышкы иштер министрлиги Казакстан тарабы менен биргеликте Иран Ислам Республикасынан 16 КР жаранын кайтарып келүү иши аткарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Биздин жарандар Тегеран шаарынан «Kish Airlines» иран авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келишти, ал жактан алар Бишкек шаарына атайын унаа менен чыгарылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button