Коом

Москвада полиция беткап тагынбагандарды жазалоодо

Москванын полициясы шаардык метродо беткапсыз же мээлейсиз жүргөндөргө кайрадан айып сала баштады. Коомдук транспортко байкоо жүргүзүү 1-2-августтан тартып күчөтүлгөнүн ТАСС маалымат агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып кабарлады.

Акчалай жазанын өлчөмү беш миң рублга чейин болот.

Белгилүү болгондой, коронавирус пандемиясына байланыштуу 12-майдан тартып Орусиянын борборунда беткап жана мээлей менен жүрүү милдеттендирилген. Ошол эле учурда ачык жерлердеги коомдук жайларда беткапсыз жүрүүгө болот.

Бүгүнкү күнгө алынган маалымат  боюнча Орусияда коронавирус жукканы аныкталгандар 860 миңден ашты. Алардын дээрлик үчтөн бири Москва шаарында.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button