Коом

Коронавирусдан 160 миңдей адам айыгып чыкты,-Каратаев

Азыркы учурда, лаборатордук турдө тастыкталган коронавирус инфекциясынын азайгандыгы байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, репродуктивдик сан деген бар. Бул бир адамдын канча адамга жуктурган санын көрсөтөт. Июль айындагы көрсөткүчтөрдү карап көрсөк, ооруп жаткан адам башка адамды 0,5%га гана жуктуруу мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленди. Оорулуунун абалы боюнча бөлүштүрүү: 13177 адам же оорулуулардын 36,3 %ы — симптомдору билинбей ооруган адамдар. Ал эми, жеңил түру менен 10781 – 29,7% адам ооруган.

«Бүгүнкү күнгө катталган учурлардын саны 41069 адамды түздү. Эл арасында, бул чыныгы статистикага туура келбейт деген маалыматтар бар. Эгерде биз, расмий маалматтан сытркары, медициналык мекемеге кайрылбаган симптомдору билинбеген же жеңил түрү менен ооруган адамдарды ала турган болсок болжол менен 160 миң адамдын тегеригенде оорулуулар айыгып чыкты десек болот”, — деп Мадамин Каратаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button