Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басары, Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирди. Маалым болгондой, ал бул кызматка 2018-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевдин буйругунун негизинде кызматка дайындалган.
Максат Дамир уулу 1985-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. 2008-жылы Кыргыз агрардык университетин аяктаган. Кийин АКШнын Вартбург колледжинде экономика, Кыргыз-япон адамды өнүктүрүү борборунда (KRJC) бизнес башкаруу адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
2007-2008 — Counterpart International Inc. ишканасында программалык менеджер;
2009 — «Мол Булак Финанс» компаниясында экономист;
2009-жылдан азыркы күнгө чейин — Kyrgyz Tour Service компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири;
2010-2011 — Соода жана бажыны либерализациялоо боюнча аймактык долбоордун (USAID) Борбордук Азиядагы эксперттик өнөктөштүк боюнча координатору;
2014-2015 — CAI Consulting консалтинг жана иликтөө борборунун аналитиги;
Акыркы жылдары «КР Жогорку Кеңеши менен кызматташуу» жана «Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү» программаларында эмгектенип жүргөн.
2018-жылдын 20-ноябрында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору болуп иштеп келген эле.
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.