Саясат
Ширин Айтматова парламенттик шайлоого катышпайт
Ширин Айтматова парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу , «Үмүт 2020» кыймылынын инстаграм баракчасына жарыяланды.
Ага ылайык, Айтматова көпчүлүк партиялар менен сүйлөшүү жүргөндүгүн, бирок, шайлоого барбай тургандыгын жазган.
Эске салсак, “Кыргызстан Социал-Демократтар” партиясынын тизмесинде Ширин Айтматова талапкер катары катталганы, социалдык тармактарга жарыяланган.