Коом

«Иркутск – Бишкек» багыты боюнча Россиядан Кыргызстандын 149 жараны келди

27-августта «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын «Иркутск – Бишкек» багыты боюнча Кыргызстанга Россиядан 149 Кыргыз Республикасынын жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бул каттам менен Иркутск, Чите, Улан Удэ жана Якутскта жашаган кыргызстандыктар кайтып келди.

28-августта Россия Федерациясынын Оренбург облусунан Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу экинчи колоннада 25 автобус менен 1563 Кыргыз Республикасынын жараны келди.

Аталган иш-чаралар биздин жарандарды чыгарып кетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу үчүн Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда кезектеги транзиттик коридорду берүү тууралуу жетишилген макулдашуунун негизинде ишке ашырылган.

ТИМ РФтин аймагында жайгашкан КР жарандарын Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасы тарапка анын ачылышына чейин өтпөй турууга чакырат.

Учуулар Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан Бишкек жана Ош шаарларына каттап жатат.

27-августан тарта жарандар авиабилеттерди авиакассалардан же авиакомпаниялардын расмий сайттарынан аралыктан сатып ала алышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button