Кылмыш-кырсык
Сокулукта жеңил автоунаа толугу менен күйүп кетти
Сокулук районунда жеңил автоунаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 24-сентябрь күнү саат 16:53 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы Сарбан айылында “Subaru Legacy” үлгүсүндөгү жеңил автоунаасы толугу менен күйгөн. Ал эми өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.