Кылмыш-кырсык

Кара-Балтада жолдун жээгинде турган унаа толугу менен күйүп кетти

Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта унаа жолдун жээгинде турганы айтылат. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Мындан тышкары ошол эле Жайыл районунун Новониколаевка айылында дагы турак үйдөн өрт чыккан. Анда жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 30 чарчы метр чатыры күйгөнү маалымдалат. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button