Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, учак Прачуап Хири Хан провинциясынын Муанг районуна кулап түшкөн. Бортунда төрт адам болгон
Тик учак кулаганга чейин үч киши каза болуп, бирөө парашют менен секирүүгө үлгүргөн.
“Аман калган адамдын абалы жана кайда экени азырынча белгисиз. Кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

