Маданият

«Шамбала» тасмасы эл аралык кинофестивалда 2 сыйлык алды

Режиссер Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Россиядагы «Киношок» эл аралык кинофестивалында 2 сыйлык алды. Бул тууралуу тасманын тартуучу тобунан билдиришти.

Аталган тасма Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.

Сыйлыктардын бирине — калыстардын атайын сыйлыгына тасмада башкы ролду ойногон Артур Аманалиев татыса, мыкты музыка үчүн сыйлык композитор Мурзали Жээнбаевге берилген.

Тасманын синопсиси:

Кыргызда «шам» — «жарык» дегенди билдирет. «Шамбаланын» түзмө-түз мааниси «шам» — » бала» же «жарык чачкан бала» деген маанини туюндурат.

Ал баланын эки жомогу бар эле. Бирөөсүн эч ким билбейт, ал эми экинчиси чоң атасы айтып берген жомок . Кийин экөө тең жок болду.⠀

Шамбала адам баласын душмандардан сактап, аны өзүнүн сүтү менен багып чоңойткон Бугу жөнүндө илгерки жомокко — мифке ишенип жашайт. Бирок убакыттын өтүшү менен адамдар марал тукумун кырып салышканына карабастан, бугу алар жакка кайра кайтып келет деп ишенет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button