Коом
Өзбекстан Кыргызстанга эки жаңы оорукана салып берет
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жакынкы күндөрү өлкөгө Өзбекстандан дагы 400 атайын оорукана контейнери жана 3 миң тонна буудай жөнөтүлөөрү күтүлүүдө. Мындан тышкары, модулдук, жогорку технологиялуу эки оорукананын курулушу башталды.
Эскерте кетсек, кечээ, 15-ноябрь күнү Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келген.
«Кыргыз тарап көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалап, боордош Өзбекстан элине өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу иш-чараларынын алкагындагы кезектеги колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет», — деп айтылат маалыматта.