Кыргызстанга Казакстан 400 ИВЛ аппарат, 2 млн. бет кап жөнөтөт
Коронавирус менен күрөшүү максатында Казакстан Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги премьер-министрдин маалымат кызматынын билдирмесине таянып кабарлады.
Ага ылайык, гумжардам коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен берилмекчи.
«Кыргызстанга өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын 400 мобилдик комплекти жана Казакстандын ишканаларынан чыккан эки миллион бет кап жиберилмекчи», — деп айтылат маалыматта.
Билдирүүдө гуманитардык жардам боюнча мындай чечим кыргыз тараптын расмий түрдө кайрылуусунан кийин кабыл алынганы белгиленген.
Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолуккан. Анда тараптар COVID-19дун жайылышына каршы биргеликте аракеттерди көрүүгө өзгөчө көңүл бөлүшкөн.
Эске салсак, жакында эле Кыргызстанга Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары жана медициналык каражаттардан турган жардам келип түшкөн.