Коом

Ыйгарым укуктуу өкүл мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөттү

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов резервдик фондунан, Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну, бөйрөк оорусу менен жабыркап келген Равшан Назировго майыптык коляска жана 15миң сом акчалай жардам берди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругуна ылайык, 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата Баткен облусунун аймагында 2020-жылдын 20-ноябрынан 20-декабрына чейин аларга ар тараптуу жардамдарды, колдоолорду көрсөтүүнүн бир айлыгы жарыяланган.

Аталган бир айлыктын алкагында өкүл Жаныбек Жалалов, облус аймагындагы, Үч-Коргон көмөкчү мектеп интернатына, Баткен шаардык мэриясынын алдындагы “Нур” калыптандыруу борборуна, Самаркандек айылындагы “Үмүт” күндүзгү балдарды калыптандаруу борборуна, Лейлек районунун Исфана шаарындагы “Кулунчак” мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыптандыруу борборуна, Сүлүктүдөгү жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемелерине акчалай жардам көрсөттү.

Облуста ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптуу жардамдар, колдоолор уланууда.

Бүгүнкү күнгө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 207 үй-бүлөсүнө, ал эми 1673 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр берилди.

Ошондой эле Баткен шаардык мэриясы 60000 сом, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы 420 000 сом кышка карата акчалай жардам берген.

Облуста 20 796 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар.

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button