Коом

Дүйнө кубогунда байгелүү орундарга илинген Шаршенбеков жана Царев унаалуу болушту

Күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө кубогунда байгелүү орундарга илинген Жоламан Шаршенбеков жана Руслан Царев унаалуу болушту. Бул тууралуу Шаршенбеков өзү инстагарам  баракчасына жазды.

Жеке ишкер Шаршенбековго Mercedes-Benz W211, ал эми Царевге Toyota Camry 50 үлгүсүндөгү унааны тапшырган.

Эскерте кетсек, 12-18-декабрда Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль  уткан.

Руслан Царев болсо грек-рим күрөшү боюнча коло медалдын ээси болгон.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште Кыргызстандын куржунуна 8 медаль чогулган: грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова алтын медаль жеңишкен.

Ал эми Калы Сулайманов, Руслан Царев (грек-рим күрөшү), Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) жана Айаал Лазарев, Исламбек Орозбеков (эркин күрөшү) коло медалды багындырышкан.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button