Коом

Лейлектеги Абдураим кызы Убадат атындагы маданий диний окуу борборуна бир жыл болду (сүрөт)

2020-жылдын 27-январында, бир жыл мурда Лейлек районунун Айкөл айылында шарттары баардык талапка жооп берген Абдураим кызы Убадат атындагы маданий диний окуу борбору ачылган. Окуу борборуна ысмы берилген Абдураим кызы Убадат мамлекеттик жана партиялык кызматтарды үзүрлүү эмгектенип, өмүр жолу легендага айланган, кыргыз элинин сыймыктуу айымы болуп саналат.

     

Аталган окуу борборунда Ороз кары ар бир ишемби, жекшемби күндөрү, жаш бөбөктөргө ыйман, шарият, дин тууралуу сабактарды окутуп, баяндарды айтат.

Бул окуу борборун жеке ишкер, мекенчил инсан Исманали Жороев өз каражатына куруп, ичин толтуруп, туулган жериндеги элине белек кылган.

Эскерте кетсек, Исманали Жороев Лейлек районундагы бир катар социалдык объекттилерди (мектеп, бала бакча) заманбап жана эң башкысы,  сапаттуу куруп берип жатканына элибиз күбө. Санга эмес сапатка иштеп, элге кантип кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп жүргөн Исманали Жороевге районго кошкон салымым үчүн «Лейлек районунун ардактуу атуулу» наамы берилгени маалым болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button