Коом

Баткенде инвестиция тартуу жолу менен 10 айылда таза суу чыгарылды

Баткен облусунун жалпы 10 айылы, инвесторлордун, жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү элдин аракети астында, ичүүчү таза суу менен камсыз болушту. Алар,

2020-жылы Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Аэропорт участкасына  Андиген таза суулиниясынан  5 км аралыктан таза суу тартылды.   Жергиликтүү бюджет эсебинен 240 000 сом жана  “Ас-Сафа” Коомдук бирикмеси тарабынан 710 000 сом каржыланды.

Баткен шаарынынТоктогул-Олуя конушуна «Кувейт Ас-Сафа коомдук фонду» тарабынан 3,0 чакырым аралыкка таза суу түтүктөрү тартылды. Долбоордун жалпы суммасы 1,5 млн сомду түзөт. Анын ичинен фонд тарабынан 1,4 млн сом, жергиликтүү бюджет тарабынан 0,1 млн сом бөлүнгөн.

Кадамжай районунда, Масалиев айыл аймагынын Лесхоз айылына Ассалям Эл аралык коомдук фондусунан  8100 м аралыкка таза суу түтүгү тартылып, 1,5 млн сом жумшалып пайдаланууга берилди.

Бирлик айыл аймагынын Сур айылына 1200 м аралыкка таза суу түтүгү тартылып, Ассава коомдук фондунан 1,5 млн сом, жергиликтүүбюджеттен 250 миң сом, коомчулуктан  2,75 млн сом, жалпы 4,5 млн сом жумшалып, пайдаланууга берилди.

Орозбеков айыл аймагынын Кудук айылына 1400 м аралыкка Куфейт коомдук фондунан -146,0 миң сом, райондук мамлекеттик администрациядан -30,0 миң сом, айыл өкмөттүн эсебинен -15,0 миң сом, коомчулуктан -176,0 миң сом, жалпы 367,0 миң сом каржыланып ичүүчү суу чыгарылды.

Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтү Ассалям Эл аралык кайрымдуулук фондусунана 3,0 млн сом каржыланып, таза суу тартылды.

Алга айыл өкмөтү KOIKO уюму тарабынан долбоордук сметасы 2,59 млн сом жумшалып, таза суу түтүгү пайдаланууга берилди.

Марказ айыл өкмөтүндөKOIKO уюму тарабынан 4,8 км аралыкка таза суу тартылып долбоордук сметасы 2,54 млн сом жумшалып пайдаланууга берилди.

2021-жылдын январь айында Майдан айыл аймагынын Бак айылына “Абийир” коомдук кайрымдуулук фонду 350 миң сом каржылык колдоо көрсөтүп, Майдан айыл өкмөтү, суу чыгаруу үчүн зарыл болгон трансформатор, 12 жогорку чыңалуудагы мамычаларды, электр зымдарын сатып алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлгөн. Ал эми айыл эли,  1000 л суу кампасынын курулуш иштерин колго алышкан.

Исфана шаарынын Ак-Булак айылынын таза суу системасы реабилитацияланып  таза-суу берилүүдө. Долбоор 2019 жылы Ас-Сафа өнүктүрүү фонду тарабынан колдоо таап, элдин жана жергиликтүү органдардын салымы менен жалпы суммасы 4 млн 900 миң сомдук жумуштар аткарылды. Суу системасынын жалпы узундугу 7 км түзөт.

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button