Коом

УКМК Максат ажы Токтомушевди кармады

УКМК Максатбек ажы Токтомушевди кармады. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында
муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан түшкөн акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өз максаттарына жумшаган.

“Тергөө учурунда муфтий М. а. Т. сөз болуп жаткан кылмыш ишине тиешеси бар экени маалым болду”, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Токтомушев 10-февраль күнү кармалып, УКМК убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин эсепчисин кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө, муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button