Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Иран менен Израилдин ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өлкө жарандарын абал толук турукташканга чейин Израилге барбай турууга чакырды. Мекеме ошондой эле учурда Израилдин аймагында жүргөн кыргызстандыктарга өтө этият болууну жана коопсуздук чараларын сактоону сунуштады.
Аймактагы кыргызстандыктар зарылчылык болгон учурда төмөнкү байланыш номерлери аркылуу өлкөнүн тышкы мекемелерине кайрыла алышат:
1. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +905456896800;
2. Израилдеги ардактуу консулдугу: +972 54 442 6498;
3. ТИМ (Бишкек): + 996999312002.
Тышкы саясий мекеме учурда Иранда жана Израилде канча кыргызстандык жаран бар экенин маалымдаган жок.
13-июнда ТИМ Ирандын аймагында жүргөн кыргыз жарандарын жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырган.
Мекеменин билдирүүсүндө: «Мекендештерге эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин расмий маалыматтарына кылдат көз салып туруу, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү, туугандары менен байланышта болуу жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып туруу сунушталат» деп айтылган.
ТИМ өзгөчө кырдаал жаралып калса, консулдук жардам алуу зарыл болсо Ирандагы элчиликтин ыкчам байланыш номерлери : +98 935 250 52 26; +9821 228-303-54 жана КР ТИМдин ыкчам байланыш +996999312002 номерлери аркылуу кайрылуу керектигин өтүнгөн.

