Кылмыш-кырсык

Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды

 Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактык бөлүмүнүн улук инспектору «М.А.С.» кармалды.

Такталгандай, Эсептөө палатасынын инспектору «М.А.С.» Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылдарынын биринин башчысынан 60 миң сом акча каражатын алган.

Кармалган «М.А.С.» Нарын шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button