Бүгүн тоолуу райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33…+38, Талас жергесинде +30…+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +20…+25, Нарында +23…+28 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +35…+37 градуска чейин көтөрүлөт.

