Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен Астанада жолугат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Астанада жолугушуу өткөрөт.

Жолугушуу бүгүн, 17-июнда Казакстандын борбору Астана шаарында өтчү «Борбор Азия — Кытай» экинчи саммитинин алкагында орун алмакчы.

Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелеринин бардык спектри боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт.