Саясат

Улукбек Марипов жарманкеге барып, бааларды изилдеп көрдү

Өкмөт башчы бүгүн Бишкектеги айыл чарба жарманкесине барды.Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда өсүмдүк майын жана кантты өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Улукбек Марипов сатып алуучулар жана сатуучулар менен баарлашып жатып билдирди.

Шаар тургундары  азык-түлүктүн кымбатташына тынчсыздануусун билдиришти, бул пенсионерлер жана калктын аялуу катмары тарабынан өзгөчө сезилди, ошондой эле монополияга каршы кызматтын азык-түлүк бааларын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча ишин сынга алышты.

Өз кезегинде соода компаниясынын өкүлү кум шекердин кымбатташына байланыштуу продукцияны сатууда кыйынчылыктар болуп жаткандыгын айтты.

Премьер-министр жогоруда келтирилген жүйөлөргө макул болуп, учурда өкмөт бир катар азык-түлүк товарларына бааны ооздуктоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын баса белгиледи.

«Азык-түлүк коопсуздугу, негизги азык-түлүккө бааны жөнгө салуу маселелери менин жеке көзөмөлүмдө. Жооптуу мамлекеттик органдарга өндүрүүчүлөр менен өлкөгө жеткирүү боюнча түздөн-түз келишимдерди түзүү жана андан кийин өсүмдүк майын жана шекерди арзан баада сатуу маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул аракеттер өсүмдүк майынын жана кум шекердин баасынын бир аз төмөндөшүнө алып келиши керек. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча керектүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Өзүбүздүн өсүмдүк майын өндүрүүнү жолго коюуга жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар. Буга чейин кант кызылчасы менен күн карама өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү, андан ары гранулдаштырылган кантты жана өсүмдүк майын өндүрүү тапшырылган. Биздин негизги максатыбыз азык-түлүктү импорттоонун үлүшүн 50 пайызга азайтуу », — деди Улукбек Марипов.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button