Кылмыш-кырсык

Ысык-Көлдө 40 жаштагы жолдошу, 28 жаштагы аялын уруп, балдары менен үйдөн чыгарып сабагандыгы үчүн жоопко тартылууда

Ысык-Көл ОИИБдин жоруктар иштери боюнча бөлүмү тарабынан үй-бүлөөлүк зомбулук фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши аякталып, облустук прокуратурасы тарабынан танышылгандан кийин, соттун кароосуна жиберилет.

20-февраль күнү Ак-Суу РИИБне Тегизчил айылынын 28 жаштагы тургуну А.Н. арыз менен кайрылып, жолдошу 40 жаштагы К.М. уруп-сабап, кичинекей балдары менен үйдөн чыгарып салгандыгы үчүн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факт Ак-Суу РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кайрылган келин денесинен кандай жаракат алгандыгын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, анын корутундусу боюнча алынган жаракат ден-соолукка жеӊил зыян келтирилгендиги белгилүү болот.

Март айынын баш ченинде, сотко чейинки өндүрүш иши ар тараптуу жана объективдүү кароо үчүн, иштин материалдары Ысык-Көл ОИИБдин жоруктар иштери боюнча бөлүмүнө тапшырылат. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, арыз ээси 2011-жылы Тегизчил айылынын тургуну К.М. турмушка чыгып, айылдын чет жакасында орун алган кашарда жашашып, мал чарбачылык менен алектенишет. Биргелешкен никеде алар үч балалуу болушкан, улуу баласы 6 жашта, кичүүсү 3 жашта.

Жабырлануучунун айтымында, мурда да жолдошу ага кол көтөрүп жүрчү экен. Кызганычтан жана негизсиз ур-токмоктун айынан алар бир нече жолу ажырашкан, бирок кайрадан элдешип, жашоосун улантышкан.

Ушул жылдын 19-февралында жубайлардын ортосунда кызганычтан улам кайрадан үй-бүлөлүк чыр-чатак чыгып, келин күйөсүнөн ур-токмоко кабылган. Андан кийин, жолдошу келинчегин 3 баласы менен үйүнөн тышка чыгарып салган. Ушундан улам, келин милицияга арыз менен кайрылган жана милиция кызматкерлери тарабынан  «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борборуна жайгаштырылган.

Белгилеп кетсек, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси боюнча 30 миӊден 60 миӊге чейинки айып пул жоопкерчилиги каралган.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button