Кылмыш-кырсык

Бишкекте «Мурас-Ордо» жаңы конушунда 5-класстын окуучусу мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Бишкекте «Мурас-Ордо» жаңы конушунда 5-класстын окуучусу өлтүрүлдү. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги  өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматта  окуучунун тамагы кесилгени, азыр ыкчам тергөө тобу иштеп жатканы айтылат.

Бишкек ШИИББинен бул окуяны тастыкташты.

«Биринчи Май РИИБнин тергөө-ыкчам тобу жана Бишкек ШИИБдин жетекчилиги окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан зарыл болгон тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, кийинчерээк кошумча маалымдайбыз.  Каза болгон  бала 2008-жылы туулган»,-деген маалыматты билдиришти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button