Кылмыш-кырсык

Афганистанда тик учак кулап, 9 адам каза болду

Афганистандын борбордук бөлүгүндөгү Вардак провинциясында Афганистандын атайын күчтөрүнүн тик учагы кулап, анын бортундагы тогуз адам каза болгонун аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

«Тилекке каршы, Ми-17 тик учагы Вардак провинциясынын Бехсуд районунда кулады. Бул кырсыктан коопсуздук күчтөрүнүн тогуз кызматкери каза болду. Коргоо министрлиги кырсыктын себептерин иликтөөдө», — деп билдиришкен Коргоо министрлигинен.

Бехсуд районунда жергиликтүү тургун РИА Новостиге билдиргендей, тик учакты түн ичинде согушкерлер атып түшүрүшкөн.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button