Коом
Бишкекте бир апта ичинде айып пул төлөбөгөн 110 айдоочу аныкталды
Бишкек шаарында бир апта ичинде 5 миң 638 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 2-апрелден 8-апрелге чейин Бишкек шаарынын аймагында милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 5 миң 638 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
— Мас абалында унаа башкаруу — 67;
— Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 11;
— Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу — 99;
— “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар — 110;
— Башка жол эрежелерин бузуулар — 5351.
— 427 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.