Транспорт каражатын онлайн кайра каттоо кызматы ишке кирди


Бул тууралуу «Унаа» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайра каттоо «Түндүк» тиркемеси аркылуу жасалат. Ал үчүн:

«Унаа» мекемесинин каалаган аймактык бөлүмүнөн кароодон өтүү керек;

айып пулдардын жок экенин текшертип, болсо баарын төлөө;

эгер турмушта же үйлөнгөн болсо жолдошу/жубайынын уруксатын алуу;

автоунаанын камакта эмес экенин текшерүү керек.

Буга чейин кызматты пайдалануу үчүн жарандар Face ID бетти таануу технологиясы аркылуу идентификациядан өтүшү керектиги кабарланган.