Коом

Баткенге милициянын көчмө кабылдамалары кошумча тартылды. Сүрөт

Баткен, Лейлек райондорундагы чек ара тилкелеринде чыккан ок атышуулардан улам жергиликтүү тургундар 29-30-апрель күндөрү милиция кызматкерлери тарабынан коопсуз жерлерге эвакуацияланып көпчүлүк турак-үйлөр бош калган.

Азыркы күндө жергиликтүү тургундар өз аймактарына келип жашап жаткандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери алардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, арыз-кайрылууларын кабыл алышууда.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ИИМнин буйругу менен Ош, Жалал-Абад областарындагы милициянын көчмө кабылдамалары кошумча жардамга келишип, жергиликтүү элге жардам берүүдө.
Милициянын көчмө кабылдамасында милиция кызматкерлери менен биргеликте, дарыгер, психологтор иш алып барышууда.
Азыркы күндө Баткен, Лейлек райондорундагы чек ара аймактарында абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button