Коом

Ош шаарында эки күндөн бери таза суу жок болууда

Ош шаарында эки күндөн бери таза суу жок болууда. Ага байланыштуу мэриянын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Билдирүүдө айтылгандай, нѳшѳрлѳп жааган жамгырдын улам, Папан суу сактагычына жакынкы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу, Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү чукул убакытта токтотулду. Суу ташуучу унаалар менен аймактарга таза суу жеткирүү үчүн төмөнкү байланыш телефондору аркылуу билдирме калтырсаңыздар болот .

Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0

553200-105,

0225105-105,

0999105-105

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button