Кечээ Президент Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары — облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулду.

Ага ылайык, Имаров Алгынбай Төралиевич  Талас облусунун Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү.

Мындай Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Өмүр баяны:

Имаров Алгынбай Төралиевич Баткен областынын Кадамжай районундагы Сары-Камыш айылында 1967-жылы 6-апрелде туулган.

Эки жогорку билими бар.

1993-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун аяктаган.

2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин юриспруденция факультетин бүтүргөн.

Мамлекеттик кызматтын үчүнчү класстагы кеңешчиси

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төш белгиси

Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын айырмаланган отличниги Ардак белгиси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги

Эмгек жолу:

1984–1988-жылдары Фрунзе районундагы Бүргөндү совхозунда жумушчу;

1993–1995-жылдары Фрунзе районундагы Бүргөндү совхозунда агроном;

1995–2006-жылдары жеке ишкер;

2006–2008-жылдары “Рахманкул Хан” ЖКЧсынын башкы директору;

2008-жылы Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик химиялаштыруу, коргоо, карантин жана өсүмдүктөр департаменти, өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин башкы адиси;

2008–2009-жылдары Бишкек шаардык өсүмдүктөрдүн карантиндик инспекциясынын инспектору;

2009–2011-жылдары Бишкек шаардык өсүмдүктөрдүн карантиндик инспекциясынын башчысы;

2011–2012-жылдары Айыл чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын башчысынын орун басары;

2012–2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, директордун орун басары, КР Башкы фитосанитардык инспектору;

2014–2015-жылдары Айыл чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик департаменти, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо бөлүмүнүн башчысы;

2015–2017-жылдары Айыл чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик департаменти, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо бөлүмүнүн башкы адиси;

2017-жылы Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлигинин алдындагы, Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директорунун милдетин аткаруучу;

2017-жыл Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары;

2017–2019-жылдары Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлигинин алдындагы, Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директорунун орун басары;

2019–2020-жылдары Баткен облусундагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–аким болуп эмгектенип келген.