Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдиманап кары Масалиев шайланды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 27-майда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жыйынында буга чейинки төрага Абибилла Кадырбердиевдин кызматтан кетүү боюнча арызы каралып, канааттандырылган. Натыйжада көпчүлүк добуш менен ордуна Абдиманап Масалиев шайланды.

Аалымдар кеңешинин жаңы төрагасы 1965-жылы Баткен шаарында туулган. Бишкектеги борбордук мечитинин башкы имамы, Уламалар кеңешинин мүчөсү, Бишкек шаарынын казысы болгон. 2007-жылдан бери борбордогу «Тунгуч» мечитинде имам хатиб болуп келген.

Муфтият ал эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта жаштарга куран окууну жана ислам таалимин үйрөтүүдө салымы чоң экенин белгиледи.
Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.