Саясат

Асылбек Жээнбековдун тарапташтары Биринчи Май райондук сотунун алдына митингге чыгышты

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралары айтылган Биринчи Май райондук сотуна үч автоунаа кирип кетти.

Аталган жерде  депутаттардын тарапташтары  аларды колдоо митингин өткөрүүдө. Милиция кызматкерлери журналистерди киргизген жок.  Чогулгандар боштондук деп кыйкырышууда. Колдоруна “Элдин уулун эл колдойт” деген жазуулары  бар плокаттарды  кармап алышкан.

Буга чейин Кумтөр иши боюнча Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров УКМК тарабынан кармалганы маалымдалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button