Коом

УКМК: Кумтөр долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары кармалды

Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоордун ар кандай баскычтарында коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын катышуусунда тергөө иш-аракеттерин улантууда.
2021-жылы 31-майында бир катар тергөө иш-аракеттеринен кийин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмышка шектелип, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары И. Пирматов жана Т. Узакбаев кармалды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button