Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Осмоновдун демилгеси жана колдоосу менен ишке ашып жаткан   «Бактылуу болсун балалык, балдарды колдоп алалык!» долбоору өз ишин баштады.

Долбоордун алкагында,бүгүн 1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Баткен шаарында жаңыдан ачылган «Акжолтой-Баткен» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин расмий ачылышында 100 даана жомок китеп белекке берилди.Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, КРнын Министрлер кабинетинин Баткен облусу боюнча өкүлү Абдикарим Алимбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ата-энелер катышты.

Аталган долбоор 1-июндан 5- июнга чейин Лейлек, Баткен райондорунун жабыр тарткан айылдарындагы балдарга жана Баткен шаарындагы бала бакчалардын тарбиялануучуларына Кыргыз эл жазуучусу,улут сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун БУГУ-ЭНЕ ЖОМОГУ интерактивдүү мультфильм сабагын акысыз өтүү менен бирге балдарга арналган 1000( миң даана) жомок китептерин жана шириндиктерди белек кылат.