Коом

Чоң-Алайдагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Чоң-Алай районунда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан Кара-Мык, Кара-Тейит айылдарынын жашоочуларына түзүлгөн жагдай, көрүлүп жаткан чаралар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-июндан 4-июнга караган түнү болжол менен түнкү саат 03:00дө тажик тарап, өкмөттөр аралык делегациялардын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча буга чейин жетишилген бардык макулдашууларын бузуп, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы чек аранын тактала элек бөлүгүнө мамлекеттик чек аранын шартуу өткөн линиясынан 1000 метрге дейре кирип келип, контейнер орното баштаган. «Ошол эле учурда, тажик тарапта автоунааларда жана жеңил брондолгон унааларда аскер кызматкерлеринин топтолушу байкалууда», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button