Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы кыргыз-тажик чек арасынын 1100 гектар жери тактала элек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев район эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ташиев чек ара маселелери буга чейин чечилбей келгендигин айтып, эми ага чекит коюу убагы келгенине токтолду.

«Унжу-Булактагы тактала элек 1100 гектар жер, алардын (Тажикстан — ред.) 1924 жана 1989-жылдагы картасы боюнча баары өтүп кеткен. Бирок биз аны тааныбай, бул жер биздин жер, тактала элек жер деп жатабыз. Ал эми такталган аймакка пост койгонбуз, андан ары жагы менен алардын постунун бери жагы тактала элек жер. Бирок акыркы учурда алар тактала элек аймакка кирип, өздөштүргөнгө аракет кылып жатат. Бүгүн да ошондой болду», — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.

Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгилейт.

Булак: Спутник кж