Бүгүн, 4-июнда УКМКнын тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары Ноокат районунда тынчтык митингин өткөрүштү.

Чогулган эл мамлекет башчы Садыр Жапаровго, тергөө жана сот органдарына кайрылып Зулпукаровдун ишинин акыйкат тергелишин талап кылышты. Ошондой эле, Төрөбай Закировичтин буга чейин мамлекетке, элге жасаган иштерин эске алуу менен, анын башкоргоо чарасын кайрадан карап чыгып, үй камагына чыгаруусун өтүнүштү.

Тынчтык митингинин катышуучулары мамлекет жетекчилеринин жасап жаткан иштерин колдоого алаарын билдирип, бирок айрым учурларда коррупцияга каршы күрөш саясий оппоненттерине карата куугунтуктоого айланып жатканына кабатырлануусун билдиришти.

Тынчтык митингинин соңунда митингдин катышуучулары Президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовго, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын кайра карап чыгып, тергөө абагынан үй камагына чыгаруусун жана бардык ишти мыйзам алкагында акыйкат тергелишин камтыган кайрылуу кат жолдошту.