Бул тууралуу ырчы, феминист, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшкөн активист Манижа Бириккен улуттар уюмунун Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында Тажикистанда көптөгөн аялдар жана жаш балдар зомбулукка кириптер болуп келген жана болууда.

«Биз курчап турган зордук-зомбулукту моюнга алышыбыз керек жана аялдарга жана кыздарга орой мамиле, зордук-зомбулук мамилелерин токтотууга күч табууга жардам беришибиз керек.

«Мен кичинекей кезимде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка күбө болуп, аны кадимки нерсе деп эсептедим. Менин ичимдеги коркуу сезимине чыдап, туруштук берүү, бир нече жыл убакытты талап кылды. Мындай сезимдерди жалгыз гана мен сезген жокмун. Тажикстанда жана анын бүт чөлкөмүндө уяттан коркуп, зордук-зомбулукту ачыкка чыгарбай келет.

Музыка мен үчүн ар дайым коопсуз мейкиндик болуп келген, мен аны оорудан арылып, ырларыма токуп бере алгам. Менин милдетим — адамдарды колдогон жана дүйнөнү өзгөрткөн музыканы жаратуу»,-деген ал.

Эске салсак, ырчы «Евровидение-2021» ыр сынагында Орусиянын атынан чыккан. Манижа Сангин 1991-жылы Дүйшөнбү шаарында туулган. Анын үй-бүлөсү 1994-жылы Тажикстандагы жарандык согуш учурунда Москвага көчүп кеткен.