Ысык-Көлдө мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежиндеги унаа кырсыктап, УКМКнын 9-кызматынын бир өкүлү каза тапты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Окуя бүгүн, 4-июнда, Садыр Жапаров Ысык-Көлгө барганда болгон.

«Кортеждеги унаа Ысык-Көл районундагы Ананьево айылына жакын жердеги жолдон каршы тилкеге чыгып кеткен унаа менен кагышты. Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыга калган унаанын айдоочусу мас болгон», — деп айтылат маалыматта.

Окуянын кесепетинен УКМКнын 9-кызматынын бир өкүлү каза болуп, үч киши жабыркаган.