Коом

ӨКМ: Ош облусунун Чоң-Алай районунда элди эвакуациялоо иштери жүрүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министри Б. Ажикеев Ош облусунун Чоң-Алай районундагы түзүлгөн кырдаал боюнча башында туруп, эвакуация уюштуруу иштерин жеке көзөмөлүнө алып жүргүзүүдө. Бул  тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда ӨКМ Ош облусунун Чоң-Алай районундагы түзүлгөн кырдаал боюнча Чоң-Алай районун Жекенди а/а Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Чулук жана Шибе айылдарындагы тургундарын саат 19:30дан тартып, Дароот-Коргон айылындагы А.Сайит атындагы орто мектептин, А.Мурзакулов атындагы орто мектептин, №44 кесиптик лицейдин, Борбордук мечиттин имаратына эвакуациялап баштады.

“Эвакуация иштерине КР ӨКМнин райондук бөлүмү, Чоң-Алай районунун жетекчилик курамы, көчүрүү комиссиясы жана жарандык коргонуу комиссиясы толук тартылды. КР ӨКМнин Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн өздүк курамы жарандарды жайгаштыруу иштерди уюштурууда. Мындан сырткары, ӨКМ гуманитардык жардам боюнча да иш чараларын уюштуруп баштады. Бардык тургундарды жайгаштыруу иштери ӨКМ министринин тыкыр көзөмөлү алдында жүрүзүлүп турат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button